Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:26

Сантос Нобель сыйлыгын жарандык согуштан жабыркагандарга берет


Колумбиянын президенти Хуан Мануэль Сантос
Колумбиянын президенти Хуан Мануэль Сантос

Колумбиянын президенти Хуан Мануэль Сантос Нобель сыйлыгынын акчалай бөлүгүн – 925 миң долларды куралдуу жаңжалдан жабыркагандарга жардам берүү жана жарашуу программаларына берерин айтты. Сыйлыкты ыйгарган Норвегиянын Нобель комитети прзидент Сантостун жарым кылымдан ашуун созулган жарандык урушка чекит коюу аракеттерине кошкон салымын баалаган. Сентябрдын этегинде өкмөт менен солчул радикалдар – Колумбиянын революциялык куралдуу күчтөрү (ФАРК) тынчтык келишимине кол коюшкан. 1964-жылы жаңжал башталгандан бери 250 миңден ашуун киши каза болгон, 45 миңдейи дайынсыз жоголууда.

Жогорудагы билдирүүнү Сантос 2002-жылы ФАРКтын жардыруусунан курман болгон 79 кишини эскерүү иш чарасында жасады.

XS
SM
MD
LG