Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:01

Омбудсмен өкүлдөрү Олимпиадалык резервдер окуу жайын текшерди


Омбудсмендин орунбасары Гүлнара Жамгырчиеванын башчылыгындагы топ Олимпиадалык резервдер окуу жайына текшерүү жүргүздү.

Маалыматка караганда, студенттер жана окутуучулар менен маектешүү болуп, жашырын сурамжылоо өткөрүлдү. Жыйынтыгында жатаканада орун жетишсиз экени, балдар полдо жатышары, жарык берүү жана дааратканадагы санитардык абал начар экени аныкталды. Ашканада бардык эрежелер сакталганы менен окуучулар тамак дайыма эле жетишсиз экенин айтышкан.

Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү имараттарды өз көздөрү менен көрүп, кемчиликтерди байкашканын омбудсмендин басма сөз кызматы кабарлады. Окуу жай бул жаатта комментарий бере элек.

Акыйкатчы институту текшерүү жыйынтыгы менен сунуштама даярдайт. (SE)

XS
SM
MD
LG