Ош шаарында чет элдик инвестчилер курган “Шанхай сити” аттуу жаңы мейманкана ачылды. 400 адамга ылайыкташкан бул конок үйү калаадагы эң чоң отелдердин бири болорун шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Мейманкана 50 адамды жумуш менен камсыздайт.
Ошто “Алай”, “Ош нуру”, Sunrise сыяктуу онго жакын чоң жана кичи мейманканалар бар. (SE)