Украин бийликтери 8-октябрда Ровно шаарында украиналык жаран тыңчылыкка шектелип кармалганын билдирди. Украинанын Улуттук коопсуздук кызматы маалымдагандай, Орусияда туруктуу жашаган ал адам украин аскеринин офицерине чоң акча жана орус жарандыгын сунуш кылып, купуя документтерди алууга аракеттенген.
Алдыңкы күнү болсо Орусия 30-сентябрда кармалган украиналык журналист Роман Сущенкого тыңчылык боюнча айып таккан.
Эки өлкөнүн мамилелери Москва Крым жарым аралын аннексиялап, Донбасстагы жикчилерди колдой баштагандан кийин бузулган.
Ал тапта украин тышкы иштер министри Павло Климкин Киев Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигинен чыгууну караштырып жатканын билдирди.