Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:23

Атамбаевдин Грузия менен Арменияга сапары 12-октябрда башталат


Атамбаев иш сапарды талкуулоодо.
Атамбаев иш сапарды талкуулоодо.

Президент Алмазбек Атамбаев 12-октябрда Грузияга эки күндүк расмий менен барып, эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. 14-октябрда Арменияга иш сапар жасап, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Коопсуздук кеңешинин жыйынына катышат.

Президенттик аппараттын басма сөз кызматы “Азаттык” радиосуна билдиргендей, мамлекет башчы бүгүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылаевди жана президенттик аппарат башчысынын орунбасары, тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаковду кабыл алып, алдыдагы эки сапарды талкуулады.

Жолугушууда Атамбаев өлкөнүн тышкы саясатынын негизги багыттарын өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жана негизги артыкчылык багыттары тууралу маалыматтарды укту. (SE)

XS
SM
MD
LG