Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:25

Сириялык качкын Берлин аэропортун жардырууну көздөгөнү кабарланууда


Германиянын коопсуздук кызматынын атайын операциясы.
Германиянын коопсуздук кызматынын атайын операциясы.

Германиянын контрчалгын кызматынын маалыматына караганда, сириялык качкын Жабер аль-Бакрдын үйүн тинтүү учурунда бомба табылды. Ал жардыргыч затты Берлиндеги аэропорттордун бирин жардыруу максатында чогултуп жүргөн деген божомол бар. Би-би-си радиосу кабарлагандай, атайын кызматка өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган экстремисттик топ менен байланышы бар адамдар Германиянын бир катар объектилерине кол салууга камданып жатканы тууралуу маалымат сентябрда түшкөн.

Терактты алдын алуу боюнча операция башталып, 10-октябрда шектүү катары Германияга былтыр февралда келген 22 жаштагы сириялык Жабер аль-Бакр кармалган. Анын төрт ай мурун убактылуу жашоого уруксат алганы белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG