Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:53

Материалдык резерв фондун реформалоо сунушталды


Курт баскан ун.
Курт баскан ун.

Мындай демилгени парламенттин Бюджет жана каржы боюнча комитетинин 10-октябрдагы жыйынында депутат Таабалды Тиллаев көтөрүп, аталган фонд айрым чиновниктер үчүн акча табуунун булагына айланды деп нааразылык билдирди. Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун башчысы Жоомартбек Жумабеков эл өкүлдөрүнүн курттаган ун боюнча суроолоруна жооп кылып муну атайын түзүлгөн жумушчу топ иликтеп жатканын айтып, анын жыйынтыгын күтүүгө чакырды.

Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда курттаган ун сакталып, балдар, карылар үйлөрүнө, кесиптик лицейлерге сатылганын өткөн аптада ЖК депутаты Жыргалбек Турускулов айтып чыккан. Ал буга байланыштуу көз карандысыз иликтөө жүргүзгөнүн, лабораториялык изилдөөлөр ундун курттап кеткенин тастыктаганын маалымдаган. Ага чейин интернетте бул боюнча видеотасма тараган. Аталган ишкана курттаган ун сатылды деген маалыматты четке кагууда. (NT)

XS
SM
MD
LG