Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:10

Текебаев: Атамбаевдин адамдары “Дастанды” башкарып жатат


Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

“Дастан” заводун президент Алмазбек Атамбаевдин адамдары башкарып жатканы тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйында “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди.

Ал заводдо Максим Бакиевдин тушундагы коррупциялык схемалар уланып жатканын белгилеп, Эсептөө палатасы бул ишти текшерип, көп кемчиликтерди тапканын айтты.

-Ушул иштер азыр ачылбай турат. Өкмөткө ачыкка чыгаргыла деп кат жазгам, - деди Текебаев.

Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаевдин тиреши бийликтин Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгесинен соң башталган. Текебаев убагында Бакиевдер ээлеген “Дастан” заводуна таандык жерге Атамбаев үй куруп жатканын айткан. Президенттик аппарат депутаттын сөздөрү доомат экенин белгилеп, Башкы прокуратура да Текебаевдин айткандары туура эместигин билдирген.

Президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязов Атамбаев алган Кой-Таштагы жер аукцион аркылуу сатылганын билдирген. Бирок муну Текебаев жалган деп атап, Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Сарпашевдин жана Бишкектин мэри Ибраимовдун жер мыйзамдуу сатылганы тууралуу айтып жаткандары суу кечпестигин кошумчалады. (SE/EBM)

XS
SM
MD
LG