Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:54

"Азаттыктын" кабарчысы президенттин Ардак грамотасын алды


Уланбек Эгизбаев
Уланбек Эгизбаев

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин Эгемендиктин 25 жылдыгына карата мамлекеттик сыйлыктарды берүү жөнүндө жарлыгына ылайык, “Азаттыктын” кабарчысы Уланбек Эгизбаев Ардак грамота менен сыйланды.

Ошондой эле “Азаттыктын” кабарчылары Уланбек Эгизбаев жана Улан Асаналиев тарткан “Жол” аттуу даректүү тасманын каарманы Кеңешбек Шоруковго "Эмгек сиңирген мугалим" наамы ыйгарылды.

Сыйлык берүү аземи Бишкектеги мамлекеттик резиденцияда өтүп, ар кайсыл тармактагы 250дөн ашуун адамга президент наамдарды жана сыйлыктарды тапшырды. (SE)

XS
SM
MD
LG