Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:00

Текебаев иниси менен Батыров чогуу түшкөн сүрөттүн таржымалын айтты


Cыртынан өмүр бою эркинен ажыратылып, издөөдө жүргөн Кадыржан Батыров
Cыртынан өмүр бою эркинен ажыратылып, издөөдө жүргөн Кадыржан Батыров

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев иниси Асылбек Текебаев менен Кадыржан Батыровдун чогуу түшкөн сүрөтүнүн таржымалын айтып берди. Депутат бүгүн Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында билдиргендей, сүрөт 18-апрелде тартылган. Атамбаев ошол маалда Ош шаарына барып, андан ары Жалал-Абадга барууну пландап жаткан. Депутат 2010-жылдын 19-апрелинде “Азаттык” радиосу жазган макаланы далил кылып көрсөттү. Макалада Убактылуу өкмөт башчынын биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев Ошто эл менен жолукканы, бирок техникалык себептерден улам Жалал-Абадга барбай, Бишкекке кайтканы айтылат.

- Иним [Асылбек Текебаев] Атамбаев Жалал-Абадга келет деген маалыматтан улам Кадыржан Батыров уюштурган митинге барган. Анын башкы максаты - Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Алмазбек Атамбаевдин коопсуздугун сактоо болгон. Анткени ошол кезде кырдаал татаал эле, барымтага алынып да калышы мүмкүн болчу. Ошол митингде Батыров кайсы бир чиновник менен жолугушуу болушу мүмкүндүгүн сүйлөгөн жана ал Атамбаев болушу ыктымал.

Буга чейин айрым бийликчил жалпыга маалымдоо каражаттары Өмүрбек Текебаев менен Кадыржан Батыровдун байланышы тууралуу материалдарды жарыялап, Асылбек Текебаев менен Батыровдун чогуу түшкөн сүрөтүн көрсөтүшкөн. (EBM/SE)

XS
SM
MD
LG