Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:26

Люксембургдун премьери Евробиримдик чек арасын 24 саатка жабууну сунуштады


Ксавье Беттел
Ксавье Беттел

Люксембургдун премьер-министри Ксавье Беттел Евробиримдиктин ички чек араларын бир суткага жабууну сунуштады. Парижде өткөн жыйында сүйлөп жатып ал «Чек ара бир күнгө жабылса, эл Италиядан Испанияга баруу үчүн эки саат күтүп, текшерүүдөн өтүү кандай болорун билмек»,- деди.

Беттелдин айтымында, европалык баалуулуктарды эске салып, эркин жүрүүнүн баасын сезүүгө мезгил жетти.

Беттел Британияны Евробиримдиктен чыгып, ошол эле маалда анын үзүрүн көргүсү келет деп айыптады. Ал шаркет лидерлеринин Британия союздан чыгуу үчүн формалдуу процедурадан өтсүн деген позициясына колдоо билдирди.

Люксембург премьер-министринин пикиринде, бул ушундай статус алгысы келген башка өлкөлөргө сабак болушу керек. (ST)

XS
SM
MD
LG