Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:03

Орусия мигранттарды депортациялоого каршы мыйзам кабыл алды


Мигранттар.
Мигранттар.

7-октябрда Орусиянын Мамлекеттик думасында миграциялык мыйзамдарды бузган мигранттарды өлкөдөн чыгарууга каршы мыйзам кабыл алынды. Жаңы мыйзам Москва, Москва облусу, Санкт-Петербург жана Ленинград облусундагы мигранттарга багытталган.

Соттор мигранттардын Орусияда жүрүү убагы, үй-бүлөлүк абалы, мыйзам сактагандыгы, ишмердүүлүгү жана башка бир катар шарттарды карап туруп, аларды өлкөдөн чыгарбашы мүмкүн. Бирок, мыйзам бузуулар экинчи жолу катталган учурда ал депортацияланат.

Орусиянын Административдик мыйзам бузуулар боюнча кодексинде буга чейин Москва, Санкт-Петербург шаарларында жана облустарында Орусияда жүрүү эрежелерин бузган чет элдиктер 7 миң рублга чейин айып төлөп, өлкөдөн депортацияланышы мүмкүн болуп келген. (LzT)

XS
SM
MD
LG