Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:18

Ак ордо президент Назарбаев тумоолоп калганын билдирет


Президент Назарбаев
Президент Назарбаев

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев ден соолугуна байланыштуу доктурлардын көзөмөлүндө дарыланып жатат.

Бул тууралуу бүгүн казак лидеринин расмий интернет сайтына кыска билдирүү чыкты. Ак ордонун маалымат кызматы президент Назарбаев тумоолоп калганын билдирди.

Казак президентинин ден соолугуна байланыштуу мындай расмий кабар президенттик администрациянын сайтына алгачкы жолу чыгып жатат.

Кечээ Назарбаев Өзбекстандын президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёев менен телефондон сүйлөшкөн жана айрым чет өлкөлөрдүн Казакстандагы элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алуу иш-чарасына катышкан.

13-октябрда президент Назарбаев Ереванга расмий сапар менен барышы керек.

XS
SM
MD
LG