Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:53

Орусия Сирияда аскер-деңиз базасын түзүүнү пландап жатат


"Тартустагы" орус аскерлери
"Тартустагы" орус аскерлери

Орусия сириялык "Тартус" портунда туруктуу аскер-деңиз базасын түзүүнү пландап жатат.

Бул тууралуу 10-октябрда Федерация Кеңешинде коргоо министринин орун басары Николай Панков билдирди. Анын айтымында, базаны түзүү боюнча документтер «ведомство аралык макулдашуудан» өтүп жатат.

Буга чейин Орусия менен Сирия Латакиядагы «Хмеймим» авиабазасына аскер учактарын жайгаштыруу боюнча макулдашууга кол койгон. Макулдашуу Думада ратификациядан өтүп, учурда аны Федерация Кеңеши карап жатат.

Учактар өткөн жылдын сентябрь айында Башар Асаддын каршылаштарына сокку урула баштагандан бери Сирияда жүрөт. "Тартус" портунда орусиялык кемелерди материалдык-техникалык жактан жабдуучу пункт жайгашкан. (ST)

XS
SM
MD
LG