Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:53

Рейтер: Путин Парижге баруудан баш тартты


Орусия президенти Владимир Путин 19-октябрда Парижге баруудан баш тартты. Рейтер агенттигинин франциялык булактарына таянып билдиришинче, Путин бул чечимди Франсуа Олланд аны менен Сириянын Алеппо шаарындагы кырдаалдан башка маселени талкуулабасын билгенден кийин кабыл алган.

Буга чейин Путин Парижге Сириядагы жана Украинадагы кырдаалды талкуулоо үчүн барары айтылган. Франциянын президенти Франсуа Олланд бул жолугуунун пайдасы болорунан күмөн санап, Алеппону бомбалоо «аскер кылмышы» катары бааланарын билдирген. (ST)

XS
SM
MD
LG