Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:33

Аскаровдун адвокатынын видео тасмаларды көрсөтүү өтүнүчүн сот канааттандырды


Аскаров сотто
Аскаров сотто

Массалык башаламандык уюштурган деп айыпталып жаткан Азимжан Аскаровдун адвокаты Нурбек Токтакунов Аскаровдун күнөөсүн далилдеген видео тасмалар бар болсо, аны сотко алып келүү өтүнүчүн билдирди. Судья аны канааттандырды. Буга чейин айыптоочулар Аскаровдун кылмыштары жазылган видео бар экенин айтып келген. Бирок ал буга чейинки соттордо көрсөтүлгөн эмес.

Аскаровдун кезектеги сот отуруму бүгүн Жаза аткаруу кызматынын Күзөт жана кайтаруу департаментинде болду.

Бүгүн жабырлануучулар, күбөлөр жана айыпталуучу көрсөтмө беришти.

Укук коргоочу Төлөкан Исмаилова Аскаровду үйгө чыгарууну өтүндү. Бул сунушун Аскаровдун жашы 60тан өтүп, ден-соолугу начарлап калганы менен түшүндүрүп, БУУнун Аскаровдун конституциялык укуктарын коргоо сунушу эске алынышы зарылдыгын белгиледи.

Сот жараянында видео жана фото тартууга прокурордун сунушу менен тыюу салынды. Кийинки отурум 18-октябрда болот.

Аскаровдун ишин кайра кароону Чүй облустук соту бир апта мурун баштаган. Ал 2010-жылы июнь окуясында “улут аралык кастыкты козуткан, калайман башаламандык уюштурган жана милиция кызматкерин өлтүрүүгө катышкан” деген айып менен мурда өмүрүнүн аягына чейин камалган.Быйыл апрелде БУУнун Адам укуктары боюнча комитети аны камоо мыйзамсыз болгонун айтып, бошотууну талап кылган. Бул сунуштун негизинде Жогорку Сот 12-июлда ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап чыгып, мурунку өкүмдү жокко чыгарган. (SE)

XS
SM
MD
LG