Адам укугу боюнча Европа соту алтайлык журналист Руслан Макровго 1500 евро кенемте төлөп берүү чечимин чыгарды. Буга журналисттин психиатриялык ооруканага күчтөп жаткырылганы себеп болгон.
Макаровдун адвокаты Ирина Хрунованын билдиришинче, Европа соту журналисттин эркиндигин жана кол тийбестигин тааныган.
2012-жылы алтайлык «Листок» гезитинин журналисти Руслан Макаров психиатриялык ооруканага күчтөп жаткырылган. Макаров муну Алтай республикасынын башчысы Александр Бердниковго жана саясатчыга иш козгоо тууралуу берилген арыз себеп болгон деп эсептейт. (ST)