Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:55

Кытай Түштүк Кореяны сабырдуулукка чакырды


Кытай бийлиги Түштүк Кореяны Сары деңиздеги окуяга байланыштуу ачууга алдырбоого чакырды. Бүгүн Кытай Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Гэн Шуан Пекинде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып “Түштүк Корея тынчтыкты сактап, кырдаалды туура түшүнөрүнө үмүттөнөрүн” билдирди:

- Учурда биз бул окуянын чоо-жайын териштирип жатабыз. Кытай менен Түштүк Корея дипломатиялык каналдар аркылуу байланышын сактайт деп ишенебиз, - деди Гэн Шуан.

Өткөн аптада Корей жарым аралынын батыш жээгинде Түштүк Кореянын жээктеги күзөт кызматына таандык кайыгы чөгүп кеткен, адамдар жабыркаган эмес.

Расмий Сеул аны кытайлардын балык улоочу кемеси сүзгөн деп айтып жатат. Буга байланыштуу Түштүк Корея Кытайдын элчисин чакыртып, балык улоочулардын кемеси мыйзам бузганын айтып, протест билдирген.

Мындай окуялар эки өлко ортосунда буга чейин да бир нече жолу катталган. (RK)

XS
SM
MD
LG