Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:14

Олланд Путин менен жолугууга даярдыгын билдирди


Франция президенти Франсуа Олланд 11-октябрда Орусиянын президенти Путин менен жолугууга даяр экенин билдирди. Бирок ал бул жолугушуу дүйнөдө анын ичинде Сирияда тынчтык орнотууга жардам бериши керек деген шарт коюуда.

Олланд “Орусия менен диалог керек, бирок ал катаал жана ачык болушу зарыл” деген позициясын билдирди.

"Путин мырза, Орусиянын президенти чукул арада бир катар иш-чараларга катышуу үчүн Парижге келмек. Мен Сирия боюнча сүйлөшүү болсо гана аларга катышам деген шарт койгом, бирок Сирия тууралуу эч нерсе жок экен. Эгер президент Путин Парижге келсе мен аны иш-чараларда коштоп жүрбөйм. Анткен менен Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууга даярмын", - деди Олланд.

Буга чейин Кремл Путиндин Парижге сапарын жылдыруу ниетин билдиргенин Елисей сарайынан маалымдашкан. (ST)

XS
SM
MD
LG