Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:18

Футбол: Кыргызстан - Түркмөнстан 1:0


Кыргызстан менен Түркмөнстандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын жолдоштук беттеши. 11-октябрь, 2016-ж.
Кыргызстан менен Түркмөнстандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын жолдоштук беттеши. 11-октябрь, 2016-ж.

Бүгүн, 11-октябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо Кыргызстан менен Түркмөнстандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын жолдоштук беттеши өттү. Оюн кечки саат 20:30да башталып 1:0 эсебинде кыргыз футболчуларынын пайдасына аяктады. Кыргызстандын эсебине таандык жалгыз голду коргоочу Тамерлан Козубаев 77-мүнөттө киргизди.
Ал жарым коргоочу Фархат Мусабеков бурчтан узаткан топту башы менен атаандаш дарбазасына ийгиликтүү багыттап, өз командасын алдыга чыгарды.

Беттешти КТРК Спорт каналы түз эфирде көрсөттү.
ЮНИСЕФ уюмунан билдиришкендей, Бириккен Улуттар Уюмунун балдар фонду (ЮНИСЕФ) Кыргызстандын футбол федерациясы менен биргеликте бул мелдешти бүгүн дүйнө жүзүндө белгиленип жаткан Эл аралык кыздар күнүнө арнашкан.

Мелдештин жүрүшүн башкы калыс Александр Гаузердин жетекчилигинде казакстандык калыстар көзөмөлдөдү. Ага Санжар Искаков менен Александр Павлов көмөктөштү. ФИФА рейтингинде Кыргызстан 108, Түркмөнстан 116-орунда. 6-октябрда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Бишкекте Ливан курамасы менен беттешип, 0:0 эсебинде тең ойногон. (ECh).

XS
SM
MD
LG