Казакстандын коопсуздук кызматы Алматы шаарында 10-октябрда үч шектүү адамды кармады. Аталган органдын 11-октябрда маалымдашынча, кармалгандар радикалдык топтун мүчөлөрү болгон. "Алар Алматы шаарында теракт уюштурууну пландаган", -деп айтылат билдирүүдө.
Кармалгандардан жардыруучу заттар жана экстремисттик материалдар алынган.
Июнь айында Казакстанда «радикал диний агымдардын» жактоочулары делген топ эки курал-жарак дүкөнүн тоноп, Улуттук гвардиянын аскер бөлүгүнө кол салышкан. Анын кесепетинен төрт жай тургун жана үч жоокер набыт болгон. 18-июлда Алматыда дагы бир адам полиция кызматкерлерине кол салып, беш адамдын өмүрү кыйылган. Ошондон кийин өлкөдө террор коркунучунун "сары" чегинин мөөнөтү 2017-жылдын 15-январына чейин узартылган эле.