Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:35

Эрдоган Ирак премьер-министрин сындады 


Ирактагы Түркия аскерлери.
Ирактагы Түркия аскерлери.

Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган 11-октябрда Стамбулда диний лидерлер менен жолугушкан учурда Ирактын өкмөт башчысы Хайдар аль-Абадини “өз ордун билип жүрүүгө” чакырды. Ал Ирактагы түрк аскерлери Багдаддын буйруктарына баш ийбей турганын кошумчалады. Эрдоган Ирак бийлиги аскердик жардам сурап, азыр болсо түрк күчтөрү Ирактын түндүгүндөгү Башика лагеринен чыгып кетишин талап кылып жатат дегенине нааразы болуп, Аль-Абадинин бул боюнча кайрылуусун “шылдыңдоо” катары баалады.

Түркия Иракка коопсуздукту камсыздоо үчүн чакырылганын айтып келет. Бул өлкөнүн бир катар аймактарын өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган экстремисттик топ 2014-жылы каратып алган. Расмий Анкара өз аскери Ирактагы экинчи чоң шаар деп саналган Мосулду согушкерлерден бошотууга катышуусу керек деген көз карашта. Ирак премьери ушул жылдын этегине чейин шаар кайтарып алынарын убада берген.

XS
SM
MD
LG