Рио-де-Жанейродо өткөн 31-жайкы Олимп оюндарында жана 15-паралимпиадада алдыңкы сегиз орунга ээ болгон кыргызстандык спортчуларга 11-октябрда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги акчалай сыйлыктардын сертификаттарын берди.
Олимп оюндарына 19 спорчту катышып, балбандар Арсен Эралиев, Айсулуу Тыныбекова бешинчи, дзюдочу Юрий Краковецкий жетинчи орунду алган. Паралимпиада оюндарына үч спортчу катышып, пауэрлифтингчилер Эсен Калиев бешинчи, Жыргалбек Оросбаев алтынчы орун менен кайткан. Ээлеген орундарына жараша Арсен Эралиев, Айсулуу Тыныбекова жана Эсен Калиевге 1 миллион сомдон, пауэрлифтингчи Жыргалбек Орозбаевге 900 миң сом, Юрий Краковецкийге 800 миң сом берилди.
Ошондой эле машыктыруучулар Мейрамбек Ахметов, Канатбек Бегалиев, Нурбек Изабеков, Сергей Мистрюков, Абдразак Шаршенов жана Аднан Жабраилов 200 миң сомдон 250 миң сомго чейин алышты. Жалпысынан сыйлык үчүн 7 миллион 50 миң сом сарпталган. (ECh)