11-октябрда Кабулдагы шииттердин мечитинин жанындагы жардыруу жана куралчан адамдын ок атуусунан кеминде 14 адам курман болду.
Ооган Ички иштер министрлиги билдиргендей, алардын 13ү жай тургун, бирөө полиция кызматкери. Кол салуудан 36 адам жаракат алды. Саламаттыкты сактоо министрлиги окуядан кеминде 43 киши жаракат алып ооруканага түшкөнүн кабарлады.
Кол салуу жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 8де болгон. Шейшембиде мусулман-шииттер Ашура майрамын белгилеп жатышкан.
Алгач үч киши кол салганы маалымдалып, бирок күч органдары жеринен бир гана жоочуну жок кылышкан.