Ирина Карамушкина Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын атынан депутат катары ант берди. Ал шаршембиден тарта жумушка киришкенин бүгүнку жыйында спикер Чыныбай Турсунбеков билдирди. Ага мандат 11-октябрда берилген.
Карамушкина парламентке Кыянбек Сатыбалдиевдин ордуна келди. Сатыбалдиев бир апта мурун өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлү болуп дайындалган.
Ирина Карамушкина Жогору Кеңештин мурдагы чакырылышында да депутат болгон.