Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Август, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:11

Конституциялык палата Баш мыйзамды өзгөртүүнү колдоду

Конституциялык палатанын соттору өзгөртүү киргизилип жаткан Баш мыйзамда эреже бузуулар жок экенин билдирди. Чечим 11-октябрда чыгарылды. Палатадагы 11 судьянын ону аны колдоп, бирөө гана “өзгөчө пикирде” калганы кабарланды.

Бийлик сунуштап жаткан Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум 11-декабрда өтөрү айтылууда. Азыр тийиштүү мыйзамдар талкууланып жатат.

Жарандык активисттер жана оппозициядагы саясатчылар Конституцияны өзгөртүү – бийликтин ыйгарым укуктарын бекемдерин белгилеп, ага каршы болуп жатышат. (SE)

XS
SM
MD
LG