Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:38

Максим Бакиевге байланыштуу арыз боюнча кыргыз тарап комментарий бере элек


Максим Бакиев.
Максим Бакиев.

Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевди шылуундукка айыптап, андан 20 миллион фунт стерлинг төлөтүү боюнча жазган доо арызын кыргыз өкмөтү кайтарып алганын Hicman&Rose юридикалык компаниясы кабарлады. Аталган мекеме Максим Бакиевге авдвокаттык кызмат көрсөтүп келүүдө.

Кыргыз тарап мурунку президенттин уулун өлкөдөн ири суммада акча уурдаган деп айыптаган.

Маалыматка караганда, Бакиев бул ишке байланыштуу өтүнүч берүүгө даяр экенин жана толук соттук териштирүүлөрсүз кайсы бир тараптын пайдасына чечим чыгаруу эрежесин колдонууга камынганынан улам кыргыз тарап арызды кайтарып алган.

Башкы прокуратура Максим Бакиевге каршы доо-арызды өкмөт жазганын билдирди. Аткаруу бийлиги азырынча ал тууралуу комментарий бере элек.

XS
SM
MD
LG