Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:08

Президент сот адилеттигин орнотууга күч жумшоо зарылдыгын белгиледи


Президент Алмазбек Атамбаев жана Жогорку сот төрайымы Айнаш Токбаева.
Президент Алмазбек Атамбаев жана Жогорку сот төрайымы Айнаш Токбаева.

Жогорку Сот жаңы кеңседе иш баштады. Борбор Азиядагы Америка университетинин мурдагы имараты жаңыланып, судьяларга берилди. Ал жерге бүгүн президент Алмазбек Атамбаев барып, жумуш менен таанышты.

Мамлекет башчы сот реформасы Кыргызстандын карапайым калкы байкала турган даражада өзгөрүлүшү керектигин, бул үчүн адилеттүү жана жоопкерчиликтүү сот бийлиги орноого тийиштигин белгиледи.

Жогорку Соттун басма сөз кызматы жаңы имартта иш башталганын, азырынча телефондор бул жакка которула электигин “Азаттык” радиосуна билдирди. (SE)

XS
SM
MD
LG