Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:54

Камчаткада эрдик жасаган кыргыз жарандарына материалдык колдоо керек


Камчатка аймагынын губернатору үч кыргызстандыкты сыйлаган учур. Сентябрь, 2016.
Камчатка аймагынын губернатору үч кыргызстандыкты сыйлаган учур. Сентябрь, 2016.

Орусиянын Камчатка аймагындагы Елизово районунда өспүрүмдү куткарып, өздөрү жабыркаган үч кыргызстандык жаранга материалдык колдоо көрсөтүү сунушталууда. Бул тууралуу Елизово шаардык администрациясынын сайты кабарлады.

Ал жакта иштеген үч кыргызстандык – Казимжан Адылов, Саибжан Турсумуратов жана Махамаджон Шералиев быйыл 21-августта Елизово шаарындагы жер үйдө газга ууланып, өзүн жоготкон орусиялык өспүрүмдү куткарып калышкан. Ошол эле учурда өздөрү да ууланып, ооруканага түшкөн.

Алар узак мөөнөт бейтапканада жатышкандыктан, өспүрүмдүн апасы Елена Никонова аларга материалдык жардам көрсөтүүнү өтүнүп, коомчулукка кайрылып жатат.

Сентябрда үч кишиге Камчатка аймагынын губернатору ыраазычылык билдирип сыйлаган. (SE)

XS
SM
MD
LG