Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:39

Назарбаев ден соолугуна байланыштуу Ереван сапарын токтотту


Казак президенти Нурсултан Назарбаев ушул аптанын аягына чейин мурда пландалган эл аралык иш-чараларга катышпайт. Бул тууралуу бүгүн анын маалымат катчысы Айдос Укибай билдирди.

Анын айтымында, президенттин иш планына айрым өзгөртүүлөр киргизилди. Назарбаев жума күнү Ереванда өтө турган Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун кезектеги саммитине катышмак. Эми анын ордуна казак делегациясын Арменияга өкмөт башчы жетектеп бармай болду.

Нурсултан Назарбаев тумоолоп калганына байланыштуу азыр доктурлардын көзөмөлүндө экенин Ак ордо кечээ расмий кабарлаган. (RK)

XS
SM
MD
LG