Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:57

Ооган президенти Кабулдагы чабуулду айыптады


Ооган президенти Ашраф Гани кечээ Кабулда каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, бул чабуулду оор кылмыш деп атады жана бир да террордук акт элдин биримдигинин өбөлгөсү болгон диний жана улуттук жөрөлгөлөргө тоскоолдук жарата албасын белгиледи.

Ооганстандын борбору Кабул шаарында шийилердин мечитине кол салуу болуп, 14 адам набыт кетти. Бийликтин расмий маалыматына караганда, мерт кеткендердин 13ү жай тургундар, бирөө полиция кызматкери. Дагы 40ка жакын адам жараат алды.

Шейшембинин кечинде Сахи деп аталган ыйык жайдын жанына диний майрамга ондогон адамдар чогулган. Окуяга күбө болгондор аларга карата полициянын кийимин кийген адамдар ок чыгарганын айтууда.

- Мен ошол жерде болчумун. Каза болгон он чакты адамды көрдүм. Айрымдары жарадар болду. Аларды ооруканага алып кетишти. Аткандар полициянын формасын кийип алыптыр, - дейт жергиликтүү тургун Жамшид Жан.

Күбөлөрдүн айтымында, ок атылгандан кийин жардыруу болгон. Учурда полиция бул маалыматты тактап жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG