Линктер

жума, 17-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:46

Маданият министрлигинин статс-катчысына сөгүш берилди


Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Секимовго сөгүш жарыялады. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, ал маданият кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө боюнча тапшырмаларды так аткара албагандыгы үчүн жазаланды.

Маянага байланыштуу сөгүштүн чоо-жайы ачык айтыла элек. Тийиштүү буйрукка өкмөт башчы бүгүн кол койду. (SE)

XS
SM
MD
LG