Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:35

Түркияда кыргызстандык дарыгер жардамга муктаж болууда


Анталия шаарында ооруканада жаткан 56 жаштагы кыргызстандык дарыгер Татьяна Саенконун абалы кескин начарлады. Ага тез арада кан керек болуп жатканын бейтаптын уулу Александр Бакиров “Азаттыкка”кабарлады.

- Сентябрдын башынан бери апамдын жанындамын. Сүйлөй албайт. Эки ооруканага жалпысынан 17 миң доллар карыз болуп калдык. Азыр айла жоктон жардам сурап жатам. Дем алуу аппараты менен жаткандыктан, учак менен алып кетүү мүмкүн эмес экен. Негизи эле түрк догдурлар реанимацияда жаткан оорулууларды ордунан козгоо опурталдуу дешти. Кан табылып калса абалы оңолоор, - деди Александр Бакиров.

31-августта Түркиянын Анталия шаарына дарыгерлер тобу менен саякаттап келген гинеколог Татьяна Саенко 4-сентябрда өтүнөн операция болгон. Анын туристтик медициналык камсыздандыруусу бүтүп калгандыктан, Анталиянын жеке менчик ооруканасынан мамлекеттик ооруканага которулган. Бирок каржылык кыйынчылыктардан улам башка ооруканага жаткырууга мажбур болушкан. Азыр Акдениз университетинин ооруканасынын реанимация бөлүмүндө жатат. (ElB)

XS
SM
MD
LG