Улуттук банк шылуундар Чыңгыз Айтматовдун элеси түшүрүлгөн 300 сомдук акча жасап чыгарышканын маалымдап, аны колдонуудан этият болууга чакырды. Андан мурдараак Баткенде сатуучуга бирөө 300 сомдук акча берип, алдап кеткени тууралуу маалымат интернетке чыккан эле.
Алдамчылардын торуна түшпөөнү эскерткен Улуттук банк кыргыз валютасы 20, 50, 100, 200, 500, 1000 жана 5000 сомдук номиналда экендигин билдирди. (SE)