Орус президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Владимир Путиндин эл аралык маселелер боюнча жардамчысы болуп дайындалышы ыктымал. Бул тууралуу бүгүн "Коммерсант" гезити Кремлдеги жеке булактарына таянып жазды.
Азыр бул кызматты ээлеп турган Юрий Ушаков келерки жылы март айында 70 жашка чыкканда отставкага жөнөтүлүп, Европа өлкөлөрүнүн бирине элчи болуп дайындалышы мүмкүн.
Песковдон тышкары бул орунга Кытайдагы элчи жана башка бир топ аткаминерлердин аты аталууда.
2008-жылдан бери Путиндин пресс-катчысы болуп иштеп келаткан Песков өзү бул сөздөрдү четке какты. (RK)