Казакстандын Атырау шаарында жарандык активисттер Макс Бокаев жана Талгат Аяндын иши карала баштады. Сот имаратынын жанында укук коргоочулар жана он чакты жергиликтүү тургун чогулуп турду.
Соттолуучулардын адвокаты Толепкали Аянов ишти башка судьяга өткөрүп берүү өтүнүчүн келтирди, бирок ал канааттандырылган жок.
Бокаев менен Аян 17-майдан бери камакта жатат. Алар Атырау шаарында 24-апрелде өткөн нааразылык акциясына катышкан. Анда миңдеген жергиликтүү тургун бийликтин жер реформасына каршылыгын билдирип чыккан болчу.
Кармалгандар алгач бийликти басып алууга чакырык жасаган деп айыпталып, кийин "социалдык, улут, раса аралык жана диний кастыкты козуткан, туура эмес маалымат тараткан, митинг уюштуруу эрежесин бузган" деген беренелер боюнча айыптарга алмаштырылган.
Соттолуучулар мунун баарын куру жалаа деп атап жатат.
Human Rights Watch жана башка бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары расмий Астананы аларды бошотууга чакырууда. (RK)