Ош облустук прокуратурасынан "Азаттык" радиосуна билдиришкендей, кичинекей балдардын аеосуз мушташканы тартылган видео Өзгөн районунун Кош-Коргон айылында тартылганы аныкталды. Маалыматка караганда, балдар быйыл август айында мушташып, ал видеого тартылып, интернетке тарап кеткен. Алдын ала иликтөөлөр боюнча канга боелгончо мушташкан алты жана жети жаштагы эки баланы аталары мелдешип, уруштурган. Азыр окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө уланууда.
Аталган видео 3-октябрда социалдык тармактарда жарыяланып, коомдо катуу талкууга кабылган. Анда чоң кишилер эки баланын ыйлап жатканына көңүл да бурбай, аеосуз "ур, саба" деп кыйкырып турушкан. Ички иштер министрлиги бул видеонун кай жакта тартылганын иликтей баштаган болчу. (NT)