Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:27

Ооганстанда бомба жарылып, 14 адамдын өмүрү кыйылды


Ооганстандын түндүгүндө мечитте бомба жарылып, кеминде 14 адамдын өмүрү кыйылды. Бул соңку бир сутка ичиндеги экинчи чабуул болууда. Жараат алгандардын саны 30дан ашты.

Азырынча бүгүнкү кол салуу үчүн жоокерчиликти бир да уюм өзүнө ала элек.

Кечээ Кабул шаарында шийилердин мечитине кол салуу болуп, 18 адам набыт кеткен. Бул үчүн жоопкерчиликти өзүнө "Ислам мамлекети" террордук тобу алган.

Ооган президенти Ашраф Гани кечээ Кабулда каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, бул чабуулду оор кылмыш деп атады жана бир да террордук акт элдин биримдигинин өбөлгөсү болгон диний жана улуттук жөрөлгөлөргө тоскоолдук жарата албасын белгилеген. (RK)

XS
SM
MD
LG