Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:37

Орусия менен АКШ Сирия боюнча сүйлөшүүнү калыбына келтирет

Керри менен Лавров.
Керри менен Лавров.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри 15-октябрда жолугушат. Орус Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, Швейцариянын Лозанна шаарына белгиленген сүйлөшүүлөргө аймактагы башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү да катышат.

Жолугушууда Сирия кризисин жөнгө салуу аракеттери талкууланат. Буга чейин Лавров Си-эн-эн телеканалына курган маегинде жолугушууга Иран, Түркия, Сауд Арабиясы жана Катар катыша турганын айткан.

XS
SM
MD
LG