Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев актер Азиз Мурадилаевге операция үчүн материалдык жардам көрсөтүү тууралуу буйрукка кол койду. Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү кабарлагандай, ага ылайык өлкө башчынын социалдык коргоо жана колдоо фондунан 500 миң сом бөлүнөт.
Мурадилаев С гепатитине кабылып, боор оорусунан жабыркайт. Анын боорун алмаштыруу зарыл болууда. Бул дартка операция өтө кымбат тургандыктан, учурда анын сахналаш, кесиптештери кайрымдуулук акциясын өткөрүүдө.
Кыргызстандын маданиятынын мыктысы Азиз Мурадиллаев 1978-жылы туулган. Ал өзүнүн актёрдук карьерасында 40тан ашык кино жана театралдык оюндарда роль аткарган. Коомчулукта ал “Курманжан Датка” тарыхый-көркөм тасмасында Алымбек датканын ролун аткарганы менен белгилүү.