Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Октябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 12:21

Кыргызстан менен Грузия кызматташтыкты арттырат


Эки президенттин жолугушуусу. Тбилиси, 12-октябрь, 2016.

Президент Алмазбек Атамбаев Грузияга жасаган расмий сапардын алкагында 12-октябрь күнү мамлекет башчы Георгий Маргвелашвили менен тар чөйрөдө жолугуп, эки тараптуу кызматташтыкты талкуулашты. Бүгүн кеңейтилген жыйын болуп, тараптар мындан аркы карым-катыш жаатында пикир алмашат жана тийиштүү документтерге кол коюлат.

Анын жыйынтыгы боюнча эки президент биргелешкен маалымат жыйын куруп, журналисттерге айтышарын өлкө башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Алмазбек Атамбаев президент болгондон бери Грузияга алгач ирет расмий сапар жасады. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG