Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:20

Ташкенде кыргыз-өзбек маселеси талкууланды

Өзбекстандын тышкы иштер министринин орунбасары Саидикрам Ниязхожаев Кыргызстандын Ташкендеги элчиси Данияр Сыдыков менен жолугуп, мындан аркы карым-катышты талкуулады. 12-октябрдагы сүйлөшүүнүн негизин жакын арада ишке аша турган бирдиктүү иш-чаралар, кызматташуу маселеси түзгөнү расмий кабарланды.

Ташкен менен Бишкектин бир топ жылдан берки муздак ымаласы сентябрдан тарта оңоло баштаган. 2-октябрда Өзбекстан кыргыз делегациясын Анжиянга чакырып коноктогон. Эми кыргыз тарап чакыруу уюштурууну пландоодо. Бирок ортодогу чек ара качан толук ачылары азырынча маалым эмес. (SE)

​
XS
SM
MD
LG