Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:06

Назарбаева: президент кыйла түзүк болуп калды


Нурсултан Назарбаев.
Нурсултан Назарбаев.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин абалы тууралуу бүгүн, 13-октябрда анын кызы Дарига Назарбаева билдирди.

Президенттин саламаттыгы боюнча журналисттердин суроолоруна депутат Назарбаева “Кыйла түзүк болуп калды” деп жооп узатты.

11-октябрда Акордонун маалымат кызматы президент тумоолоп, дарыланып жатканын билдирген.

Кечээ Назарбаевдин маалымат катчысы Айдос Укибай бул жума президенттин эл аралык маанидеги жолугушуулары болбой турганын билдирген. Армения менен Азербайжанга иш сапары токтотулган. Айдос Укибайдын айтымында, президенттин андан кийинки ишмердиги иш тартибине жараша жүрмөкчү.

XS
SM
MD
LG