АКШ Йемендеги хусит козголоңчулары көзөмөлдөгөн радиолокациялык станцияларга абадан сокку урду.
“Бул чектелген соккулар коргонуу, биз үчүн маанилүү болгон деңиз аймагындагы адамдарыбызды, кемелерибизди, навигация эркиндигин коргоо үчүн жасалды”, деди Пентагондун өкүлү Питер Кук.
Ал ошондой эле муну мурдараак Кызыл деңиздеги америкалык аскер кемесине хуситтер аткан ракеталарга жооп деп кошумчалады. Хуситтер америкалыктарды бутага албаганын айтышкан.
Сауд Арабиясы баштаган коалиция 2015-жылдан бери Йемендеги козголоңчуларга каршы абадан аскердик операцияларды өткөрүп, жергиликтүү аскерлерге жардам берип келет.
Өткөн ишембиде коалиция Йемен борбору Санадагы тажияга катышып жаткандарга сокку урган. Анда 140 адам өлүп, 500 ашууну жаракаттарды алышкан.
АКШнын коалицияны колдоосу мына ушул окуяларга оро-пара келүүдө.