Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Октябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 01:14

Атамбаев: Кыргызстан Грузиянын аймактык бүтүндүгүн колдойт


Кыргызстан жана Грузия президенттери.

Алмазбек Атамбаев Кыргызстан Грузиянын аймактык биримдигин колдорун билдирди. Президент мындай пикирин Тбилисиге жасаган расмий сапарындагы кош тараптуу жолугушуулардан кийинки маалымат жыйында билдирди:

- Кыргызстан Грузиянын аймактык биримдигин колдой турганын расмий түрдө айтам. Бүтүндүктү сактоо - ар бир өлкө үчүн негизги принцип болушу керек. Бул ар бир мамлекетке, ошол эле учурда Кыргызстанга да таандык.

Президент Алмазбек Атамбаев Грузияга жасаган сапарын “тарыхый” деп сыпаттап, бул жолугушуу мамилелердин мындан аркы өнүгүүсүнө чоң өбөлгө болорун белгиледи. Тар жана кеңири чөйрөдөгү жолугушуулардан соң Грузия мамлекет башчысы Георгий Маргвелашвили экөө маалымат жыйын куруп, кыргыз-грузин ымаласы ар тараптан дагы бекемделерин ырасташты.

Кыргыз делегациясы Тбилисиге эки күндүк расмий сапар менен 12-октябрда барган. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (11)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG