Шотландиялык окумуштуулар жарактан чыккан чөнтөк телефон, телевизор же компьютер сыяктуу электрондук буюмдардан экологиялык таза ыкма менен алтын өндүрүүнү ойлоп табышты. Химиктер жаңы ыкма атмосферага көмүр кычкыл газынын тарашын азайтарын айтышууда.
Эдинбург университетинин окутуучусу Жейсон Лавдын белгилешинче, дүйнөдө алтындын 7 пайыздайы таштандыда жатат.
- Биз жаңы реагент ойлоп таптык. Ал алтынды башка металлдардан иргеп алууга жардам берет. Демек, уу калдыктарды азайтууга мүмкүнчүлүк ачылат,- дейт Лав.
Ушу тапта керектен чыккан техникадан алтын өндүрүүдө цианид уулуу заты колдонулат. Бул айлана-чөйрөгө да, адамдын ден соолугуна да зыян. Эгер жаңы технология дагы өркүндөтүлсө тоокен өнөр жайында да колдонууга болору белгиленет.