Иран маалымат каражаттары өлкө бийлиги Аден булуңунун Йемен жээгине эки аскер кемесин жөнөткөнүн жазышууда.
Маалымат АКШ Йемендеги хусит козголоңчуларына сокку ургандан кийин чыгууда.
Ирандык жарым расмий Tasnim маалымат агенттиги 13-октябрда “Алванд жана Бушер кемелери соода кемелерин каракчылардан коргоо үчүн Аденге жөнөтүлдү” деп жазды.
Бирок, Tasnim кемелер АКШнын Йеменге соккусуна жооп ирети эмес, 5-октябрда жолго чыкканын белгилейт.
Иранды аймактагы атаандашы Сауд Арабия хуситтерге көмөк көрсөтүүдө деп айыптайт. А Тегеран аны четке кагып келет.
12-октябрда АКШ йемендик козголоңчуларга абадан сокку урган. Ага хуситтердин Кызыл деңиздеги АКШ кемелерине чабуулу себеп болду деген.