Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:06

Трамп эки аялдын жалаасын четке какты


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

Республикачылар партиясынан АКШ президенттигине талапкер Дональд Трамп бир нече аялдын андан сексуалдык ыдык көргөнү тууралуу айткандарын төгүнгө чыгарды. Флоридада митингде Трамп аялдар тууралуу айтылгандар чындыкка коошпой турганын билдирди. Мунун жалган экенин жакын арада далилдеп берерин кошумчалады.

Бейшембиде The New York Times басылмасы Трамптан бир кезде сексуалдык ыдык көргөн деген эки аялдын маегин басып чыккан. Алар убагында укук коргоо органдарына кайрылышкан эмес. Өткөн жумада эле Трамптын аялдар жөнүндө орунсуз сүйлөгөнү тартылган видео дүйнөгө тарап кетип, талапкер катуу сынга кабылган болчу.

XS
SM
MD
LG