Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:38

Бакиевдин экинчи аялы "Минск" мейманканасына жетекчи болгону айтылууда


Беларус башкалаасындагы эң чоң мейманканалардын бири болгон "Минск" отелин 3-октябрдан тарта Назгүл Төлөмүшова башкара баштаганын орусиялык "Комсомольская правда" гезити жазып чыкты. Анда далил катары отелдин директору алмашканы тууралуу документтин көчүрмөсү көрсөтүлгөн. Маалыматка караганда, аталган мейманкана Беларус президенти Александр Лукашенконун иш башкармалыгына карайт. Төлөмүшова башкармалыктын чечими менен отелге жетекчи болуп дайындалган. 38 жаштагы Назгүл Төлөмүшова ага чейин Минскидеги мейманканалардын биринде тескөөчү болуп иштеген.

Ал Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин экинчи жубайы. 2010-жылдагы кандуу апрель окуясынан кийин Бакиев менен бирге өлкөдөн качып кетип, Беларустан башпаанек табышкан. (NT)

XS
SM
MD
LG