Борбордук жылуулук менен камсыз болуучу үйлөрдүн тургундары жылуулук түтүктөрүнөн абасын чыгарып, даярдоого тийиштигин Бишкек шаардык жылуулук тармагы маалымдоодо. Бул батирлерге жылуулуктун тез берилүүсүн камсыздайт.
Маалым болгондой, 14-октябрдан тарта Бишкекте жылуулук бериле баштайт. Шаар бийлиги жылуулук алгач бала бакчаларга, ооруканаларга, социалдык мекемелерге, андан кийин батирлерге берилерин кабарлаган.
Борбор калаа Бишкекке түндө кар жааган.(ZKo)